Бишкек.29.08.2019.Govori.TV.
Төрөбай Кулатовго (каза болгондон кийин) “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында жекече сиңирген көөнөрбөс эмгеги, мекенчилдиги жана Ата-Журтка чексиз берилгендиги үчүн советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Төрөбай Кулатовго «Ак-Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды (каза болгондон кийин).