• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Төрөлө элек баласын сатууга аракет кылган түгөйлөр кармалды

26 Үчтүн айы 20219:12 Бишкек Govori.TV

Хорезм облусунун Ургенч районундагы Бекабад айылынын тургуну төрөлө элек баласын сатууга аракет кылган. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, төрт айлык боюнда бар аял никесиз жашаган киши менен бирге баласын 9 миң долларга сатууну көздөгөн. Түгөйлөр алдын ала 6 миң доллар алып жатканда кармалып, кылмыш иши козголду.

Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча өлкөдө акыркы үч жылдын ичинде бала сатууга байланышкан 185 факты катталган.

Количество просмотров: 253