• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Төрага Абиров Атамбаев менен жеке байланышы жок экенин айтты

20 Аяк оона 2018 14:58 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 20.09.2018. Govori.TV
Бишкек шаардык кеңешине жаңы шайланган төрага Жаныбек Абиров мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жеке байланышы жок экенин билдирди.
Мында ал Атамбаев менен партиянын лидери катары эле тааныш экенин айтты. Мамлекеттик резиденцияда Атамбаевдин үйүн куруп берүүгө да тиешеси болбогонун белгиледи.
Ал ошондой эле Бишкек ТЭЦин көмүр менен камсыз кылуу укугу анын атасы Болот Абировдун “Рассвет” ишканасына тийген деген маалымат чын экенин билдирди.
Буга чейин коомдук ишмер Эдил Байсалов “Атамбаевдин 11 досу” деген иликтөө жарыялап, алардын арасында Болот Абиров аттуу жаран да бар экенин, ошондуктан ал тендерлерден утуп келерин жазган. Байсалов “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясындагы “Атамбаевдин үйүн курууга Абировдор да салым кошкон болушу мүмкүн” деп божомолдогон.
Количество просмотров: 21