Бишкек. 13.03.2019. Govori.TV.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков акыркы учурда жаштар арасында, өзгөчө окуучулар арасында клей жана карп деген химиялык затты пакетке куюп алып жыттагандар көп болуп жатат. Бул тууралуу парламенттин жалпы жыйынында билдирди.
«Мунун баарын жаштар билбестик менен кылып жатат. Алар өздөрүнүн ден соолугуна зыян келтирип, баңгизатына тез берилип кете тургандай кылып жол ачып жатат. Карп деген зат базарларда сатылат экен. Аны сатканга тыюу салууга болбойт. Силер ошол боюнча иш жүргүзсөңөр. Роликтерди тартып калк арасында жайылтуу керек», — деди төрага.
Жумабеков ошондой эле клей жана карп саткандар арасында «балдарга сатпагыла» деп түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын айтты.
Өз кезегинде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев агартуу иштери күчөтүлөрүн белгиледи.