• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Төрага Дастанбек Жумабеков ЖМК өкүлдөрүн сыйлады

1 Жетинин айы 201917:58 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун катышуусу менен 7-ноябрь – Маалымат жана басма сөз күнүнө карата жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн майрамдык иш-чара уюштурулду.

Иш-чарага парламенттин ишин чагылдыруу үчүн аккредитациядан өткөн ата мекендик жана эл аралык ЖМК өкүлдөрү чакырылып, тармактын алдыңкы өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин Ардак грамоталары, энчилүү сааттар жана Ыраазычылык каттар ыйгарылды.

Салтанатта сөз сүйлөгөн Төрага Дастанбек Жумабеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекетти өнүктүрүүдөгү ролу жогору экенин белгилеп: “Журналисттер эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө катары коомубузда болуп жаткан баардык өзгөрүүлөрдү, аны менен бирге жетишкендиктерибизди да, кемчиликтерибизди дагы калкыбыздын калың катмарына жеткирип турасыздар. Араңыздарда курч маселелерди козгоп эле тим болбостон, анын чечилүү жолдорун да таамай көрсөтө алган кесипкөй журналисттердин бар экени кубандырат”, – деди.  

Ошондой эле, өлкөдөгү парламенттик-демократиялык жаңыланууларда да аккредитациядан өткөн парламенттик кабарчылардын иши маанилүү экенине токтолуп: “Кыргызстанда парламенттик демократия менен бирге, парламенттик журналистика дагы жаңы гана телчигип, өнүгүп келе жатканын жакшы түшүнөбүз. Андыктан, Жогорку Кеңеш парламенттик кабарчылар менен ар убак тыгыз иштеп, өз ара түшүнүшүү жана кесиптик жактан чеберчилигин арттыруу жаатында кызматташууга даяр. Дал ушул максатта быйыл парламенттик журналисттердин клубун түзүп, борбордук жана регионалдык кабарчыларга өздөрү каалаган багытта тренингдерди жана семинарларды өткөрүү аракетин баштадык”, – деп кошумчалады.

Эскерте кетсек, жыл сайын Жогорку Кеңештин ишин чагылдыруу үчүн үч жүздөй журналист аккредитациядан өтөт. Алардын ичинде 25 маалымат агенттиги, 15 телекомпания, 3 радио, 24 гезит-журнал жана 11 эл аралык маалымат агенттиги бар.

Кошумчалай кетсек, сыйлангандардын арасында Govori.TV мультимедиалык агенттиги да бар.

Количество просмотров: 37