Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков «Парламентаризм сабактары» көрсөтүүсүнө катышып, учурдагы актуалдуу суроолорго жооп берди. Анын бири бийлик, парламент коррупцияга каршы күрөшкө жетиштүү деңгээлде көңүл буруп жатабы? — деген суроо болду.
Коррупция менен биз бүгүнкү күндө күрөшүп жатабыз. Айта кетейин 2011ден 2017-жылга чейин, жаныгы 700 миллион кимдики болсо карап көрөлү анда, ал учурда ким турган бийликте? Мына ошону элдер айтсында, митинг болду ошолор айтсын анда, ошол убакта Атамбаев президент болгон, эмнени карап отурган депчи. Бирок бүгүнкү күндө өкмөттүн аракети. Ошондой терс көз караштар болгондуктан, ошондой коррупциялык элементтерди жоюш үчүн мына кечээ эле премьер-министр ошол айтып жаткан биздин, Торугарт, Эркечтамга жаңы заманбап камераларды алып келбедикпи, заманбап сканерлерди койдук. Азыр ар бир өткөн унаанын ийне-жибине чейин көрсөтүлөт, — деди Төрага.