• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Төрага Матраимовдорду коргоду

12 Кулжа 2019 13:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.06.2019.Govori.TV.

Матраимовдор “элге кызмат кылган үй-бүлө”. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков бүгүн 12-июнда парламенттин жалпы жыйынында, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге кайрылып жатып айтты.

Ал Матраимовдор уюштурган тойго бийлик өкүлдөрү Атамбаевдин тушунда да барып жүргөнүн кошумчалады.

«»Төрага баш болуп бүжүңдөп Матраимовдун тоюна барат» дейсиз. Алмазбек Шаршенович, ал той быйыл эле өткөн жок. Ал тойго быйыл эле төрага же депутаттардын тобу барып калган жок. Сиз архивге айланып карап коюңуз, сиздин убагыңызда жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, кеңешчиңиз ошол тойдо жүргөн. Сиздин убакта премьер-министр, сизге жакын депутаттар ошол тойдо жүргөн. Мен ойлойм, алар да элди сыйлап, элге кызмат кылган үй-бүлөнү сыйлап, ошол тойдон жакшы сөздөрүн айтты. А бүгүн биз барып койсок “чимкирик депутаттар, бөжөңдөп төрага жүрөт” дейт. Кара-Суу элинин, Матраимовдордун артынан сиз партияңыз үчүн 40-50, 100 миңдеген добуш албадыңызбы, өзүңүздүн президенттик шайлоого добуш албадыңызбы! Эмнеге ошону айтпайсыз?»,-деди төрага.

Эске салсак, Атамбаев бийликте турган кезинде Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жасаган иштеринен кабарсыз болгонун 8-июнда Бишкекте өткөн митингде билдирген.

Ал азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун бийлиги коррупцияга каршы тандалма күрөш жүргүзүп, Матраимовдорду калкалап жатканын айткан.


Количество просмотров: 21