11-12-13-апрель күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” долбоорунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында он үчүнчү тренингин өткөрдү. Ош шаарында өткөн бул тренингге өлкөбүздүн түштүк аймагынан жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келди.
Алардын бири Кызыл-Кыядан келген журналист, юрист, «Ойло» бренддин негиздөөчүсү Нуржамал Ганыева долбоордон бир топ жаңы идеялар менен кетип жатканын жана аны ишке ашырууга алгачкы кадамдарды жасаганын айтты.
«Бул жерден мыкты айымдар менен таанышып, мыкты долбоорлорду жаздык. Жөн гана сулуу сөздөр эмес, атайы убакыттарды белгилеп ушул иш аракеттерди жасайбыз деген максаттарды койдук. Келген максаттарыман да көп нерсе алдым деп эсептейм», — деди ал.