Саймаитинин өлүмү боюнча депутаттык комиссия ишин баштап, кыска мөөнөттө текшерүү иштерин аяктайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков бүгүн, 23-ноябрда журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, убактылуу комиссияга ар бир фракциядан депутаттар кирген.
«Журналисттик иликтөөнү көрдүк. Буга байланыштуу депутаттык комиссия түзүлгөн. Ал эми Искендер Матраимов комиссиянын курамынан чыга турганы боюнча өзү билдирүү жасады. Комиссия ишин баштоо менен кыска аралыкта текшерүү иштерин аяктайт», — деп билдирди Жумабеков.