• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Түрк прокуратурасы Орхан Инандыга 22,5 жыл сурады

22 Теке 202116:24 Бишкек Govori.TV

Анкаранын прокуратурасы Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемелеринин негиздөөчү Орхан Инандыны 15 жылдан 22,5 жылга чейин эркинен ажыратууну сурады. Бул тууралуу «Анадолу» агенттиги кабарлады.

Басылманын маалыматы боюнча Инанды «куралдуу террордук уюмду башкарууга» айыпталып, прокуратура аны кылмышка айыптаган корутундуну сотко тапшырды.

Инанды көп жылдан бери Кыргызстанда жашап, 2012-жылы жарандык алган. Ал быйыл 1-июнда Бишкекте жоголуп, дайыны чыкпай жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган атайын кызматтар аны Анкарага алып келгенин кабарлаган.

Количество просмотров: 435