• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Түркия жана Кыргызстандын президенттери Бишкекте жаңы мечит ачышты

2 Аяк оона 2018 12:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек.02.09.2018.Govori.TV.

2-сентябрда Бишкектин Жибек-Жолу көчөсүндө курулган борбордук жаңы мечит ачылды.

Салтанатту аземине Кыргызстанда расмий сапар менен жүргөн Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган жана Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков катышышты.

Бүгүн, 2-сентябрда Бишкектин Жибек-Жолу көчөсүндө курулган борбордук жаңы мечиттин ачылышы болуп өттү. Борбордук мечит Кыргызстанда расмий сапар менен жүргөн Түркия президенти Тайип Ражеп Эрдоган жана КРнын Президенти Сооронбай
Жээнбековдун катышуусунда өттү.

Президент өз сөзүндө, бул мечит ыймандын очогуна айланаарына ишеним билдирди.

«Биздин коомдо мындай ыплас идеология тарап, жалган маалымат жайылып, жарандарыбыз арасында туура эмес түшүнүктөр пайда болушуна жол бербешибиз зарыл. Кыргызстанда дин кызматкерлеринин диний билим деңгээлин жогорулатууга багытталган иш-аракеттер, имамдардын жашоо шарттарынын жакшыртууга багытталган долбоорлор ишке ашырылууда. Азыркы күндө 3 миңден ашуун имам окуудан өттү. Аттестациядан өткөн 2 миңден ашык имамга ай сайын стипендия төлөнүп жатат. Бул иштерге көмөк көрсөткөн эң ири демөөрчү Түркия мамлекети», — деди Жээнбеков
Президент бул мечит Кыргызстандын диний борбору гана эмес, калаабыздын көркүнө көрк кошкон кооз архитектуралык комплекстердин бири болгонун кошумчалады.

Мечиттин имаратынын долбоорун Кыргызстан менен Түркиянын муфтияттары иштеп чыккан. Анын курулушуна Түркия тарап 25 миллион доллар бөлгөн. Курулуш иштери 2012-жылы башталган.

Борбор Азиядагы эң ири мечиттердин бири экени айтылган имарат 10 миң адамга ылайыкташкан. Жалпы аянты 3,5 гектарды түзөт. Мечитте төрт мунара бар, ар биринин бийиктиги 70 метр.

Количество просмотров: 34