• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Түркиядагы Кыргызстандык журналистке жардам керек

12 Аяк оона 2018 18:06 Бишкек Govori.TV
Бишкек.12.09.2018.Govori.TV
Ден соолугуна байланыштуу Түркия мамлекетине барган кыргызстандык журналист Жыпариза Ашыранкулова 6 күндөн бери комада жатат. Бул тууралуу анын келини Алтынай Кыргыева бүгүн, 12-сентябрда билдирди.
Маалым болгондой, Кыргызстанда гезиттерде эмгектенген Ж.Ашыранкулова 3 ай мурун Түркия мамлекетине сиңдисинин жанына учуп кеткен. Ал буга чейин астма оорусу менен ооруп жүргөндүктөн аба алмаштыруу максатында барган.
«Түркиянын абасы нымдуу болот. Эжем ал жактан айыгууну каалаган. 6-сентябрда көчөдөн астма оорусу кармап, Анкарадагы оорукана жеткирилиптир. Азыркы күнгө чейин комада жатат. Аталган ооруканадан дарыланууга күнүнө 410 доллар алынат экен», — деди келини Алтынай Кыргыева.
Буга байланыштуу туугандары кайрымдуу адамдардан жардам сурайт. Ж.Ашыранкулова 4 баланын 2 кыз, 2 уулдун апасы.
Количество просмотров: 37