Түркиянын Сирия менен чектеш түштүк-чыгыш аймагында катуу жер силкинип, бери дегенде эле 284 киши каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн вице-президенти Фуат Октай билдирди.
Анын айтымында, азырынча зилзаладан 2323 адам жараат алганы ырасталды.
Түркияда өзгөчө кырдаал жарыяланып, куткаруучулар урандыларды тазалоо, тирүү калган адамдарды издөө иштерин улантып жатышат.
Европа-Жер ортолук деңиз сейсмикалык борборунун маалыматына караганда, зилзаланын очогу 1 миллиондон ашык жашоочусу бар Газиантеп шаарына жакын жердеги он миңдеген чакырым тереңдикте болгон. Түркиянын өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы күчү 7,4 баллга жеткен зилзала жергиликтүү убакыт менен таңкы саат 04.17де, Сирия менен чектеш аймакта болгонун кабарлады.
Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу жер силкинүүдөн бери дегенде эле 10 шаар зыян тартканын, Диярбакырда соода борбору урап түшкөнүн билдирди.
Зилзала Анкара, Анталья, Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфа аймактарында, ошондой эле Кипрде, Ливанда жана Сирияда сезилди. Бул өлкөлөрдө да каза болгондор көп экени кабарланууда.
Reuters агенттиги Сириянын мамлекеттик басылмаларына таянып, Алеппо аймагында көптөгөн имараттар ураганын кабарлады. AP агенттиги урандылардын алдынан 100дөн ашык кишинин сөөгү табылганын, дагы 516 адам жараат алганын билдирди.
Сириянын Хама шаарында сегиз кабаттуу үй ураган. Куткаруучулар учурда урандыларды тазалап, куткаруу иштерин улантып жатышат. Мындан тышкары өлкөнүн Латакия аймагында да кыйроолор бар экени кабарланууда.
Зилзала армян-грузин чек арасында да сезилген.
Түркиянын Кызыл чырым уюмунун башчысы Керем Киник өлкө эл аралык жардамды кабыл алууга даяр экенин билдирди.
Түркия сейсмологиялык жактан активдүү аймактардын катарына кирет. Акыркы жолу катталган эң чоң зилзала 2011-жылдын 23-октябрында Ван аймагында болгон. Анын күчү 7,2 баллга жеткен. Зилзаланын очогу Ван аймагына караштуу Эржиш шаарында болгон. Бул кырсыкта 644 киши набыт болуп, эки миңге жакын киши оор жаракат алган. 110 миң турак жай жарактан чыккан.
Бул өлкөдө эң катуу жер титирөө 1999-жылы 17-августта Дүзже аймагында болгон жана кырсыктан 18 миңден ашык киши каза таап, 25 миңге жакыны жабыркаган.