• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Түркияда 164 жүргүнчүсү бар учак кырсыкка кабылды

7 Үчтүн айы 202014:15 Бишкек Govori.TV

Түркиянын Стамбул шаарында жүргүнчүлөрдү ташыган учак конуп жатканда конуу тилкесинен чыгып кетти. Окуя бүгүн, 7-январда саат 09:05те болгонун «Haberler.com» басылмасы жазды.

«Сабиха Гөкчен» аэропорту жабылып, учакты конуу тилкесине алып келүү иштери уланып жатат. Кырсыктан каза болгондор жана жабыркагандар жок.

«Түрк аба жолдору» авикомпаниясынын башкы директору Билал Екши саат 15:00гө чейин аталган аэропортто учак учпай жана конбой турганын айтты. Учактын конуу тилкесинен чыгып кеткенине туруксуз аба ырайы себеп болгону айтылды. Учактагы 164 жүргүнчү сыртка чыгарылды, жабыркагандар жок», — деп жазды басылма.

Булак: АКИпресс.

Количество просмотров: 13503