Түркияда кыргыз кызды муунтуп, анан унаа менен тепселеп өлтүрүшкөн
Түркияда кыргыз кызды муунтуп, анан унаа менен тепселеп өлтүрүшкөн
20 Жалган куран 2018 12:02 Бишкек Govori.TV
Бишкек 20.03.2018 Govori.Tv
Түркиянын Денизли аймагындагы Памуккале-Аккёй чоң жолунун боюнан 19-март күнү кыргыз жаранынын жансыз денеси табылган. Бул тууралуу haberler.com. маалымдаган эле.
Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги 1992-жылы туулган Ж. кызы Ы ны унаа сүзүп кеткендиги тууралуу маалымат тараткан.
haberler бүгүн кыргыз жаранын биринчи муунтуп өлтүрүп, анан унаа менен тебелеп кеткендигин айтып чыкты.
Азыр кыздын денеси Памуккале Университетинин өлүкканасында турат.