• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Юрий Бобковго Түркияда операция жасалды

17 Жетинин айы 2021 13:46 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Юрий Бобковдун бир бутуна Стамбул шаарындагы клиникалардын биринде операция жасалды. Бул тууралуу Super.kg агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, бул ага дайындалган 2 операциянын биринчиси, экинчи бутуна келе жаткан жылдын январь айында жасалат.

Белгилей кетсек, буга чейин «Досум Үсөн» ансамблинин жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Юрий Бобковго операция жасатуу талап кылынып жатканын, операциянын баасы 8000 долларды түзөрү маалымдалган. Музыкант тизе муун оорусу менен 2015-жылдан бери жабыркап келет.

Количество просмотров: 14708