Бишкек.05.08.2019.Govori.TV.
Түркияда кыргызстандык кыз менен жигит жол кырсыгына кабылып, оор жараат алышты.Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, окуя 4-августка караган түнү Анталия шаарынын Топчулар районунда болгон. Мотоциклде бараткан эки кыргызстандыкты катуу ылдамдыкта келе жаткан автомашина артынан сүзүп, качып кеткен. Кырсык болгон жерге Анталиянын полициясы жана «Тез жардам» кызматы барган. Жабыркаган кыздын белине оор операция жасалып, жигит Анталия шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткырылган.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги бул тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.