• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоолор 14-майда өтөт

23 Үчтүн айы 2023 12:35 Бишкек Govori.TV

Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоолор 14-майда өтөөрүн билдирди.

Бул тууралуу ал, Бурса провинциясында жаштар менен болгон жолугушууда билдирди.
Башында шайлоо 18-июнга белгиленген, бирок Эрдоган добуш берүү эртерээк болушу мүмкүн экенин бир нече жолу билдирген. Анын партиясы июнь айындагы шайлоо жогорку туристтик сезонго туш келээрин, андыктан аны кийинкиге жылдыруу туура экенин белгиледи.
Шайлоо алдындагы сурамжылоолор президенттик шайлоодо да, парламенттик шайлоодо да күрөш катуу болорун көрсөтүүдө.

Батыш маалымат каражаттары алдыдагы шайлоону Эрдоган үчүн акыркы 20 жылдагы “эң чоң сыноо” деп аташууда.

Количество просмотров: 47