Түркиянын түштүк-чыгышындагы дыйкан-чарба талааларында тутанган өрттөн кеминде 11 киши каза таап, 70тен көбү жараат алды. Бул тууралуу 21-июнда өлкөнүн саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа билдирди.
Анын айтуусуна караганда, он кишинин абалы оор. Аларга жергиликтүү ооруканаларда жардам көрсөтүлүп жатат.
Өрт Диярбакыр провинциясынын талааларында 20-майда тутанып, катуу шамалдан улам тез жайылып, коңшу Мардин аймагына чейин жеткен. Ички иштер министри Али Ерликая 21-июнга караган түнү тилсиз жоонун жайылышы чектелгенин, өчүрүү иштери уланып жатканын билдирди. Өрттүн тутанышына эмне себеп болгону азырынча белгисиз.
Булак: Азаттык