• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Түркияда урандылар алдында калган 3 жашар кыз 91 сааттан кийин куткарылды (видео)

3 Жетинин айы 2020 16:31 Бишкек Govori.TV

Турциядагы жер титрөөдөн кийин кулаган үйдүн урандысынын алдында калган 3 жаштагы кыз куткарылды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазды.

Маалым болгондой 3 жаштагы Айды Гезгин урандылардын алдынан жер титирөө болгондон 91 саат өткөндөн кийин чыгарылган.

«Кичинекей кызды таап алган учурда алгач кислороддук маска кийгизип, андан соң алып чыгуу иштери уланган. Куткаруучулардын айтымында Айды Гезгин алардан алгачкы жолу суу анан айран сураган. Алар белгилегендей кыздын абалы табылган учурда канааттандырарлык болгон», — деп жазышкан маалымат каражаттары.

Куткаруу учурундагы видео интернетке тараган.

Маалыматтар боюнча, Түркиянын Измир шаарында болгон жер титирөөдөн каза болгондордун саны 95ке ал эми жабыркагандардын саны 994кө жеткен.

Эске салсак, Түркиянын батышындагы Измир шаарында 30-октябрда 6,6 баллга жеткен жер титирөө болгон. Очогунун тереңдиги 16,5 чакырымды түзүп, ондогон бийик имараттар урап калган.

Количество просмотров: 885