• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Түркияда өзбекстандык журналист кармалды

26 Чын куран 2023 16:45 Бишкек Govori.TV

Белгилүү өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаев 24-апрелде Түркиянын Эскишехир шаарында кармалды. Бул тууралуу журналисттин аталган өлкөдө окуган кызы билдиргенин басылмалар жазды.

Эл аралык уюмдарга жардам сурап кайрылган Камола Кадыри эгер атасы Өзбекстанга экстрадицияланса, ал жакта аны кыйноо күтүп турганын айткан.

50 жаштагы Бобомурод Абдуллаев эмне себептен кармалганы ачыктала элек.

Абдуллаев журналисттерди коргоо эл аралык уюмунун программасынын алкагында Германияда жүргөн. Ал Түркияга кандай максатта барганы белгисиз.

Абдуллаев 2020-жылы Кыргызстанда кармалып, Өзбекстанга экстрадицияланган. Октябрда ага карата козголгон кылмыш иши жабылып, ал эркиндикке чыккан. Анын ишинин чоо-жайы айтылган эмес. Мындан соң журналист президент Шавкат Мирзиёев ага Ташкенттен үч бөлмөлүү батир белек кылганын билдирип, бул «саясий пара» деген айыптоолорду четке каккан.

Количество просмотров: 50