• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Түркиядагы мелдеш: Тыныбекова алгачкы атаандашына жеңилип калды

25 Бирдин айы 202217:00 Бишкек Govori.TV

Айсулуу Тыныбекова Түркияда өтүп жаткан грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча өтүп жаткан эл аралык рейтингдик мелдеште алгачкы атаандашына утулуп калды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында маалымдалат.

Тыныбекова 62 кг салмакта турнирдин 1/8 финалынан баштап катышып, алгачкы атаандашы бразилиялык Лаис Нунеске 8:0 эсебинде жеңилүү ызасын тарты. Эгер бразилиялык спортчу финалга чыкса, анда Тыныбекова коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Кошумчалай кетсек, спорттук иш-чара 24-27-февралда Стамбул шаарында өтүп жатат.

Количество просмотров: 228