• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Жээнбеков Ысык-Көлгө, Бабанов Москвага кетти

26 Аяк оона 2019 15:06 Бишкек Govori.TV

ЖЭЭНБЕКОВ ИШ САПАРЫ МЕНЕН ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУН КЫДЫРАТ

Калкты таза суу менен камсыз кылуу —президенттик ишмердүүлүгүмдүн артыкчылыктуу багыты. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жети-Өгүз районундагы Ичке-Булуң айылын суу өткөрүү системасы менен камсыздоочу суу топтоочу жайдын курулушуна капсула салуу иш-чарасында айтты.
Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарында калкты таза суу менен камсыздоо маселесинин актуалдуулугун белгиледи. Алыскы аймактардын жашоочуларына ыңгайсыздык жана кыйынчылыкты жаратууда, алардын саламаттыгына зыян келтирилүүдө.
Маалыматка ылайык, Ичке-Булуң айылындагы суу топтоочу жайдын курулушун 2020-жылы бүткөрүү пландалып жатат. Бул үчүн 30 миллион сом акча каражаты каралган.
Сооронбай Жээнбеков республикада ичүүчү суу менен камсыздоо системасын калыбына келтирүү жана куруу боюнча иштер активдүү жүргүзүлүп жатканын айтты. Ал 2024-жылга чейин таза суу маселеси толугу менен чечилерин белгиледи. Аны менен бирге жергиликтүү калкты ичүүчү суу менен камсыздоо объектилерине кылдаттык менен мамиле кылып, сарамжалдуу колдонууга чыкырды. Бул суу системасынын кызмат өтөө мөөнөтүнө таасир этерин белгиледи.

ӨМҮРБЕК БАБАНОВ МОСКВАГА УЧУП КЕТТИ

“Республика” партиясынын мурунку лидери Өмүрбек Бабанов бүгүн эртең менен Москвага учуп кетти.Бул тууралуу Govori.TVга өздүк булактар кабарлады.
Маалыматка ылайык, Бабанов бүгүн эртең менен учуп кеткен. Бирок, канча убакытка жана эмне себептер менен кеткени белгисиз.
Белгилүү болгондой, аны менен кошо Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев да кеткен.
Эске салсак, Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) жана Финансы полициясында, азыркы тапта өзүнө байланыштуу баш-аягы сегиз иш иликтенип жатканын айткан.
Алардын ичинен төртөөнүн чоо-жайы белгилүү. Калган иштер боюнча Бабанов өзү да, мамлекеттик мекемелер да маалымат бере элек.
Өмүрбек Бабанов өзүнө козголгон иштер боюнча УКМК менен Финполицияга бир нече жолу сурак берип чыккан.
Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодо азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон жана шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен.
2018-жылы чоң саясаттан кеткенин, мындан ары жалаң ишкерлик менен алектенерин билдирген. Быйыл 9-августта Москвадан Бишкекке учуп келген.

ТЫНЫБЕКОВА 2018-ЖЫЛКЫ АЗИЯ ОЮНДАРЫНЫН РАСМИЙ ТҮРДӨ ЖЕҢҮҮЧҮСҮ АТАЛДЫ

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова 2018-жылы Индонезияда болгон Азия оюндарында расмий түрдө жеңүүчү аталды.
А.Тыныбекова Жакартада 62 кг салмакка чейинки балбандар арасында күч сынаган. Ал эми финалдык беттеште моңголиялык Орхон Пуревдорждон утулуп калган. 2018-жылдын 3-сентябрында Азиянын Олимпиадалык кеңеши моңголиялык балбандын допинг-тести оң натыйжа бергенин кабарлаган.
Анын Азия оюндарында көрсөткөн жыйынтыгы жокко чыгарылып, алтын медалы Айсулуу Тыныбековага расмий түрдө өттү.

Количество просмотров: 70