20-февралдын кечинде Түркияда эки жаңы жер титирөө болгон. Жер титирөө кайрадан имараттардын кыйрашы менен адамдардын өлүмүнө алып келди.
MIR24 агенттигинин маалыматына караганда, 300дөй адам жарадар болуп, дагы 20 кишинин абалы оор, алтоо каза болду. Жер титирөө учурунда күбөлөр асманда белгилсиз жарык чагылышканын көрүшкөн.
Бул тууралуу видеолор социалдык тармактарда да пайда болду. Жер титирөө катталган Сириянын Латакия шаарынын тургундары да ушул сыяктуу көрүнүштөрдү көрүшкөнүн айтышкан.
Түркиянын Космос агенттигинин башчысы Сердар Хусейн Йылдырым сейсмикалык соккунун ыктымалдыгы чындыгында бар деп ырастайт — ал мындай системаларды буга чейин көргөнүн жана алардын иштөө принциби менен тааныш экенин билдирген.
Алар титан эритмесинен жасалган бош он метрлик мамылар. Алар атайын спутникке жайгаштырылып, көздөлгөн Жерге учурулган.
«Жерге түшөөрү менен 5 чакырымга чейин тереңдикке кирип кетет. Бул абдан тез болуп, күчү 7-8 баллга жеткен жер титирөөнү жаратат», — деди ал.
Анын айтымында, азырынча бир дагы өлкөнүн, өзгөчө Түркиянын мындай чабуулдардан коргонууга каражаты жок.