• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Түркияны колдоо: Бишкекте гуманитардык жардам чогултуу уюштурулду (даректер)

9 Бирдин айы 202316:41 Бишкек Govori.TV

Борбор калаада Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга колдоо көрсөтүү максатында гуманитардык жардам чогултуу пункттары ачылды. Бул тууралуу мэрия кабарлады.

Чогултуу пункттары төмөнкү даректерде жайгашкан:

Биринчи май району боюнча пункт: Жибек-Жолу проспектиси № 495 дареги боюнча социалдык өнүктүрүү башкармалыгында, телефон: 0 (312) 67 04 33;

Ленин району боюнча: Чүй пр. № 315 дарегиндеги муниципалдык администрациянын имаратынын биринчи кабатында, телефон: 0 (312) 653870;

Октябрь району боюнча: Байтик-Баатыр көчөсү, №17 дарегинде жайгашкан Муниципалдык администрациянын имаратынын 1-кабатында, телефон: 0(312) 578900;

Свердлов району боюнча: Чүй проспектиси №28 муниципалдык администрациянын имаратынын жанында, телефон: 0312 360707.

Количество просмотров: 79