• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Түркмөн президентинин уулу губернатор кызматына дайындалды

18 Кулжа 201911:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.06.2019.Govori.TV.

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердимухаммедовдун жалгыз уулу Сердар Бердимухамедов Ахал провинциясынын башчысы болуп дайындалды.

Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги 17-июнда кабарлагандай, аны аймакка жетекчи кылуу тууралуу буйрукту атасы, президент Гурбангулы Бердимухамедов чыгарды.

Ахал провинциясы — мурдагы Ашхабад облусу. Быйыл январдан бери 37 жаштагы Сердар Бердимухаммедов облус жетекчисинин орун басары болуп иштеп келаткан. Ал куралдуу күчтөрдүн подполковниги.

2016-жылы президенттин уулу түркмөн парламентине депутат болуп шайланган. 2018-жылы тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеген. Мындан тышкары да бир катар кызматтарга дайындалган.

Байкоочулар ал атасы менен коомдук иш-чараларга көп чыга баштаганын айтышууда. Өлкөнүн расмий кабарларында аны «элдин уулу» деп аташат. Аны “Аркадагдын” мураскери деп мүнөздөгөндөр да бар.


Количество просмотров: 14