Оор жүк ташуучу унааларды айдаган Түркмөнстандын жарандары түркмөн-өзбек чек арасынан өтүү үчүн зарыл болгон визаны ала албай жатышат. Бул тууралуу LogiStan басылмасы кабарлады.
Маалыматка караганда, түркмөн жарандарынын виза алуудагы көйгөйү апрелдин ортосунда эле башталып, андан бери көзөмөл-өткөрмө бекеттерде кезек күткөн фуралардын саны азайбай келет.
LogiStan басылмасы өз булактарына таянып кабарлагандай, Ташкенттин виза берүүдөн баш тартуусу – жүк ташуу менен алектенген түркмөн жана өзбек жарандары үчүн шарттардын бирдей эместигине байланыштуу. Ташкент Өзбекстанга кирип жаткан түркмөн жарандарына караганда, өзбекстандыктар Түркмөнстанда документтерин тууралоо үчүн кыйла көп акча коротуп жатат деп эсептөөдө.