• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Түркмөнстан жана Өзбекстандан электр энергиясын импорттоо үзгүлтүккө учурады

26 Үчтүн айы 2022 14:34 Бишкек Govori.TV

Түркмөнстан жана Өзбекстандан электр энергиясын импорттоо үзгүлтүккө учурады. Бирок бул ички керектөөгө таасирин тийгизбегенин, кооптонууга негиз жок экенин энергетика министри Доскул Бекмурзаев «Азаттык» радиосуна билдирди. Министр борбор азиядык энергетикалык шакекчеде авария болгондон кийин борбор калаада жылуулук берүү дагы үзгүлтүккө учураганын, учурда жылуулук 60 градуска жеткенин кошумчалады.

Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында түшкү саат 12де электр энергиясы өчкөн. Бишкектеги Жылуулук электр борборунун да иши үзгүлтүккө учурап, таза суу чыкпай калган. Түштөн кийин бул абал акырындап жөнгө салынып, кечке жуук баш калаада жарык, суу жана жылуулук берилип баштады.

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев борбор азиялык энергетикалык шакекчеде болгон аварияны мамлекеттер аралык комиссия иликтей турганын, мындан ары ушундай кырсыктарды болтурбоо аракеттери көрүлөрүн билдирди.

Количество просмотров: 158