• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Түркмөнстанда эл аралык каттамдар азырынча жанданбайт

31 Баш оона 2020 9:33 Бишкек Govori.TV

Түркмөнстан коронавирус илдетине байланыштуу эл аралык каттамдарын дагы бир айга токтотту. Бул тууралуу «Известия» жазды.

Маалыматка ылайык, каттамдарды токтотуу чечими 30-сентябрга чейин узартылган. Ал эми сатып алынган авиабилеттер 2021-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу экендиги белгиленет. Учпай калган рейстердин жүргүнчүлөрү акчаны кайтарып алуу үчүн арыз жазышат же каттамдардын жанданышын күтүшү керек.

Белгилей кетсек, Түркмөнстанда расмий түрдө коронавирус илдети катталбаса дагы жарандар бет кап тагынып, өлкөгө чектөөлөр киргизилген.

Количество просмотров: 24