• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Түркмөнстанда Өзбекстанга барып келген жарандар суракка алынууда

9 Бештин айы 2022 9:24 Бишкек Govori.TV

Түркмөнстандын Улуттук коопсуздук министрлигинин Лебап облустук башкармалыгынын кызматкерлери Өзбекстанга барып келген жарандарды аңгемелешүүгө чакырып жатат. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы министрликке сурак берип чыккан жарандардын бирине шилтеме кылып кабарлады.

«Бардык маалымкаттар даяр болгондон кийин Коопсуздук министрлигине аңгемелешүүгө баруу керек. Өзбекстандан кайтып келгенден кийин да чакырып жатышат. Жарандарга душман өлкөгө жөнөтүп жаткандай мамиле жасап жатышат», – деп билдирген аты-жөнүн билдиргиси келбеген Лебаптын тургуну.

Анын айтымында, Улуттук коопсуздук министрлигинин кызматкерлери негизинен коңшу өлкөдө жүргөндө Түркмөнстан жөнүндө терс нерселерди айтпоону талап кылууда.

«Мындан тышкары жарандарга Өзбекстандагы түркмөн диаспорасы кандай жашап жатканы боюнча маалымат топтоп келүүнү тапшырууда. Мындан тышкары Өзбекстандагы туугандары аркылуу бул өлкөнүн аскер, бажы жана миграция тармагындагы кызматкер кандай айлык аларын сураштырууну өтүнүп жатышат», – деди жергиликтүү тургун.

Жарандарды Өзбекстандан кайтып келгенден кийин бул маалыматтар боюнча отчёт берүүгө милдеттендирип, баш тарткандарды бажы пунктунан өткөрбөй коюп жатышканы айтылды.

Түркмөнстан 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген чектөөлөрдү акырындык менен ала баштаганына байланыштуу акыркы айларда коңшу Өзбекстанга барууну каалаган түркмөнстандыктар көбөйгөн.

«Ушул күндөрү Өзбекстандын Ашхабаддагы элчилигинин алдында виза алууну каалаган жүздөгөн адам кезекте турат»,– деп кабарлады «Азаттыктын» түркмөн кызматынын кабарчысы.

Анын айтымында, айрым жарандар коңшу өлкөгө соода кылуу же Өзбекстан аркылуу башка мамлекеттерге чыгып кетүү максатында барып жатса, көпчүлүгү чек арага жакын жашаган туугандары менен көрүшүү үчүн каттап жатышат.

Количество просмотров: 69