• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Түркмөнстандын мурдагы президенти Бердымухамедовдун апасы каза болду

10 Чын куран 20239:03 Бишкек Govori.TV

Түркмөнстан президенти Сердар Бердымухамедовдун чоң апасы, парламенттин (Халк Маслахаты) төрагасы Гурбангулы Бердымухамедовдун апасы дүйнөдөн өттү.

Түркмөнстандын ЖМКлары Огулабат Бердымухамедованын өлүмү тууралуу дароо кабарлашкан жок. 8-апрель күнү түштөн кийин гана мамлекеттик маалымат агенттиктеринде президенттин чоң апасы акка моюн сунганы маалымдалды.

Бул арада Сердар Бердымухамедовдун 10-11-апрелде Тажикстанга белгиленген расмий сапары белгисиз мөөнөткө жылдырылды.

ТДХ агенттигинин маалыматына караганда, Огулабат Бердымухамедова 1937-жылы 15-июнда туулган. Ал Гурбангулы Бердымухамедовдун бийлиги тушунда даңкталып, “Огулабат эже – баатыр төрөгөн эне” деп аталган.

Количество просмотров: 129