• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Түрмөдөн чыккан саясий туткундар Атамбаевди коркута баштадыбы?

12 Жалган куран 2019 17:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 12.03.2019. Govori.TV

Бүгүн, 2016-2017жылдардагы саясий репрессиялардын себептерин талкуулаган жарандык форум өттү. Ага бир катар саясий куугунтукка кабылган жарандар, коомдук ишмерлер, жарандык активисттер жана депутаттар катышты. Форумдун жүрүшүндө экс-президент Алмазбек Атамбаев башкарган кезде саясий куугунтуктоого кабылгандар анын ишин сындады.

Бишкекте 8-март күнү «Аялдардын тилектештик шаарчасы» маршы болуп өткөн. Маршты уюштурган феминисттик уюмдардын өкүлдөрү маалымат-жыйынын өткөрүп, учурда аларга «Кырк чоро» уюму, депутаттар жана башка белгисиз адамдар тарабынан коркутуу болуп жатканын айтты.

Биринчи май райондук соту Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси, абактагы  Болсунбек Казаковду үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Казаков 2018-жылдын 10-апрелинде камакка алынган эле. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык экени айтылып жүргөн коттеждердин сатылышына байланыштуу кылмышка шектелүүдө. Бул боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында дагы эки адам камакта олтурат.

Казаков камактан чыкты. А бирок рак илдеттине чалдыккан УКМКнын мурунку жетекчиси Мурат Суталинов апрель окуясындагы кан төгүүгө байланыштуу айыпталып, 20 жылга соттолгон. Анын адкокаттары Суталиновдун «өсмө (рак) оорусуна чалдыккан жана дарты өтүшүп кеткени» жөнүндө дарыгерлердин сөзүнө таянып, аны абактан чыгарууну соттон өтүнүшкөн. 15-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Бактыбек Сыдыгалиев Мурат Суталинов абакта калтырган.

Количество просмотров: 21