• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Украина менен Орусия туткундарды алмашты

17 Бирдин айы 2023 9:08 Бишкек Govori.TV

Украина менен Орусия туткундарды алмашып, натыйжада 101 орусиялык менен 101 украиналык үйлөрүнө кайтты. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги менен Украина президентинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак билдирди.

Ермактын айтымында, Украинага 100 аскер кызматкери жана Эноргадар шаарынын мэринин орун басары Иван Самойдюк кайтып келди. Аткаминерди былтыр мартта орус аскерлери уурдап кетишкен. Айырбашталгандардын арасында Мариуполду коргогон 94 аскер бар.

“Бошотулган аскерлердин арасында улуттук гвардиячылар, чек арачылар жана Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү бар. Баатырлардын көбү ар түрдүү жараат алышкан”, — деп белгиледи ал.

Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча туткундан бошогон орусиялык аскерлер Москвага жеткирилет жана ведомствонун медициналык мекемелеринде дарыланышат.

Соңку ирет Украина менен Орусия февралдын башында туткундарды алмашкан. Анда 63 орусиялык менен 116 украиналык үйлөрүнө кайткан.

Количество просмотров: 72