• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Төшүн ачык көрсөткөн депутат айым кайрадан талкууда

18 Чын куран 201911:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 18.04.2019. Govori.TV

 Көпчүлүккө төшүн ачык көрсөтүп, мода кылып таанымал болгон казактын депутат-модели Динагүл Тасова кайрадан эл назарында.

Болгондо да ал болуп өткөн сын пикирлерден кийин кайрадан эле баягыдай ачык кайнөктө эл алдына чыкты.

Маалым болгондой Динагүл Тасова шаардык жаштар маслихатынын 7-чакырылышынын депутаты болгон. Модель өзүнүн төшү ачык көрүнүп турган сүрөттөрүн инстаграм баракчасына да жүктөп жетишти. Модель болуп өткөн кече тууралуу:

“Мен модель катары көптөгөн чет өлкөлөрдө сахнага чыгып келгенмин. Өзүбүздүн өлкөдө чыгууну кыялданчумун”, -деген пикири менен бөлүшкөн. Албетте, интернет колдонуучулары Диангүлдүн бул чыкканын жылуу кабыл алышкан жок. Тасова көптөгөн ачуу сөздөрдүн ур-токмогунда калды.

Маалым болгондой, Динагүл Тасова буга чейин да төшүн көрсөтүп мода көргөзгөндөн кийин жигити сабап салганын кабарлаган эле.

Булак: “Барометр”

Количество просмотров: 46