• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

“Түштүк Кореяга жумушка орноштурам” деген алдамчы кармалды

19 Тогуздун айы 2018 17:18 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 19.10.2018. Govori.TV
Түштүк Кореяда жумушка орноштурам деп алдап, жарандардан көп  суммадагы акча алып качып жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган иш боюнча 30 адам арыз менен кайрылган. Иликтөөнүн жүрүшүндө бир  жарандын 2017-жылы күзүндө 30дан ашуун адамды Түштүк Кореяга жумушка орноштурам деп алдап,  алардан чет өлкөлүк паспорт жана виза улуу үчүн деп 1500 доллардан тартып 4000 долларга чейин алгандыгы аныкталган.
Учурда Сокулук районунун ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголуп, 31 факты боюнча айып тагылууда.
Количество просмотров: 28