• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Түштүк Кореяда легалдуу иштөөгө келишимдердин саны 30 пайызга өстү

16 Жалган куран 2018 9:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 16. 03. 2018. Govori.TV

“Кыргызстандын жарандарына Корея Республикасына барып легалдуу иштөөгө иштөөгө жиберилген эмгек  келишимдеринин саны мурдагы жылдарга салыштырмалуу 30 пайызга көбөйдү”. Бул маалыматты КРнын Тъштък Кореядагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Кылычббек Султан билдирди.

Анын айтымына караганда, аталган өлкөдөн мыйзамдуу түрдө жумушка орношуу боюнча эки тараптуу иштер ийгилигин берип жаткан чагы. “2018-жылдын 15-мартында Кореядагы K-BIZ орто жана чакан ишканалар ассоциациясынын аткаруучу директору И Жэ-уон менен жолугуштук. Анда биз И Жэ-уон мырза 2018-жылдын 1-чейрегинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн эмгек келишимдери 30-40 пайызга көбүрөөк түзүлгөнүн маалымдады. Биз Кыргызстандын атынан кыргыз жарандары үчүн жумуш табууда көрсөтүп жаткан көмөктөрү үчүн ага жана анын мекемесине ыраазычылык билдирип, мындан ары да кызматташууну өнүктүрүү тууралуу кеңештик”,-деп билдирет элчи.

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасы Корея Республикасынын EPS программасына (чет өлкөлүк жумушчуларды жалдоого уруксаат берүүчү система) 2007-жылдан бери мүчө.

Количество просмотров: 28