• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

УКМК мыйзамсыз миграциялык каналга бөгөт койду

28 Баш оона 202512:48 Бишкек Govori.TV

УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтор уюштурган мыйзамсыз миграциялык каналга бөгөт коюлду. Бул тууралуу Атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Борбор Азиядагы кылмыштуу топтордун өкүлдөрү жана Чек ара кызматынын айрым таза эмес аскер кызматкерлери тарабынан уюштурулган Кыргызстандын аймагындагы мыйзамсыз миграциянын каналына бөгөт коюлду.

25-августта жогоруда аталган факты боюнча А.Э.К. аттуу КР жараны кармалды. Ал буга чейин Ош шаарындагы «Манас» эл аралык аэропортунун директорунун жардамчысы кызматын аркалап келген, ошондой эле Борбор Азия чөлкөмүндөгү уюшкан кылмыштуу топтор менен туруктуу байланышта болуу менен бирге «Казак» жана «Дженго» уюшкан кылмыштуу топторунун өкүлдөрүнүн адвокаты катарында белгилүү болгон.

А.Э.К. кылмыштуу байланыштары аркылуу чет өлкөлүк жарандардын КР мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүсүн уюштуруп, аларды жер которуу жана туруктуу жашаган жай менен камсыз кылган. Ошондой эле Чек ара кызматынын өкүлдөрү менен бирге ич ара бүтүм түзүшүп, өлкөгө мыйзамсыз кирген чет элдиктерди КР Чек ара кызматынын каттоо системасына жалган маалыматтарды киргизүү жолу менен каттоодон өткөрүшкөн.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган мыйзамсыз ишке тиешеси бар адамдарды аныктоого жана жоопкерчиликке тартууга багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 130