• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Түштүк Кореянын мурдагы президенти 17 жылга эркинен ажыратылды

20 Бирдин айы 2020 9:07 Бишкек Govori.TV

Сеул шаарындагы Апелляциялык сот өлкөнүн мурдагы президенти Ли Мён Бакты 17 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу «Рёнхап» агенттиги кабарлады.

Соттун маалыматына ылайык, мурдагы президент бир тууганына катталган автоунаа тетиктерин чыгаруу компаниясына ээлик кылып, бизнесин өнүктүрүү үчүн ыйгарым укуктарын пайдаланып келген.

78 жаштагы саясатчы буга чейин ушул эле иш боюнча 15 жылга соттолгон. Бирок саламаттыгынын начарлап кеткендигине байланыштуу күрөөгө бошотулган. Эми ал кайра түрмөгө камалат.
Прокурор мурдагы мамлекет башчыны 23 жылга эркинен ажыратууну сураган. Саясатчы өзүнө коюлган айыптардын баарын четке кагууда.

Ли Мён Бак Түштүк Кореяны 2008-жылдан 2013-жылга чейин башкарган. Өлкөнүн андан кийинки президенти Пак Кын Хе да камакта. Ал коррупцияга, кызматтык кыянатчылыкка жана шайлоого кийлигишүүгө айыпталып, жалпысынан 34 жылга кесилген.

Количество просмотров: 818