2021-2025-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясат бекитилди. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда өткөн маалымат жыйында Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Азиз Аалиев билдирди.
Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.
Кабыл алынган орто мөөнөттүү тарифтик саясатка ылайык, калк үчүн электр энергиясынын тарифи көтөрүлбөйт жана кВт/саатына 0,77 жана 2,16 сом деңгээлинде калат.
Айына 700 кВт/саатка чейин керектөө менен тариф кВт/саатына – 0,77 сомду, айына 700 кВт/сааттан жогору болсо, тариф кВт/саатына 2,16 сомду түзөт.
Бийик тоолуу жана алыскы райондордо жашаган керектөөчүлөр үчүн электр энергиясын керектөө нормасы жокко чыгарылды, башкача айтканда кВт/саатына 0,77 сом тарифи чектөөсүз иштейт.
Социалдык балдар мекемелери, электр транспорту, диний уюмдар үчүн өзүнчө тарифтер 1 кВтс үчүн 168 тыйын деңгээлинде (салыктарды эске албаганда) белгиленет.
Мында социалдык балдар мекемелери жана электр транспорту үчүн жогорулоо 10 тыйын же 6,3%ды түзөт, ал эми диний уюмдар үчүн тариф 56 тыйынга төмөндөтүлгөн.
Жогорулатуу төмөнкү категорияларга гана тийиштүү:
Кийинки жылдары тарифтердин өзгөрүүсү инфляциянын деңгээлин эске алуу менен ишке ашырылат. Алынган каражаттар жабдууларды жаңыртууга, трансформатордук көмөкчордондорду орнотууга, электр линияларын курууга жана генерациялык кубаттуулуктарды жогорулатууга жумшалат.
2021 -жылы калк үчүн жылытуу тарифи өзгөрбөйт жана Гкал/1134,76 сом өлчөмүндө калат.
2021-жылы калк үчүн ысык сууга болгон тарифтер дагы өзгөрүүсүз калат жана Гкал/981,76 сомду түзөт.
Кийинки жылытуу мезгилинен тарта калк үчүн тарифтер 10% га жогорулайт (орточо эсеп менен 1 бөлмөлүү батирди жылытуу үчүн төлөмдүн айырмасы айына болжол менен 82 сомду же жылытуу мезгилине 410 сомду түзөт).