• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Түз эфир: Аида Салянованын инисин ким өлтүрдү? Бүгүн өкүм чыгат

27 Жетинин айы 202015:23 Бишкек Govori.TV

Мурдагы башкы прокурор, Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы депутаты Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча сот отурумунда соттун өкүмү чыгуусу күтүлүүдө.

Эске салсак, 42 жаштагы Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнө кирип, атып кетишкен. ​Ички иштер министрлиги (ИИМ) бул кылмыш үчүн үч киши шек саналып жатканын кабарлаган. Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту 2018-жылы сентябрда карай баштаган.

ИИМ бул кылмыш үчүн үч киши — Эрмек Осмонкулов, Асанэмир Абыкулов жана Заур Насруллаев шектүү болуп жатканын жарыялаган. Булардын арасынан Осмонкулов 2017-жылдын 27-декабрында Бишкектен кармалган. Абыкулов Москвадан колго түшүп, 2019-жылы май айында Бишкекке жеткирилген. Саляновдун өлүмү боюнча шектүүлөрдүн дагы бири Заур Насруллаев Орусиядан кармалган, Кыргызстанга өткөрүлө элек.

Количество просмотров: 157