Бүгүн, 15-сентябрда «Ак илбирсти сактайлы» аттуу эл аралык кайрымдуулук марафону өтүүдө. Иш-чаранын байге фонду 4 миллион 500 миң сомду түзөт.
Уюштуруучулардын билдирүүсүнө ылайык, PRO категориясындагы марафондо эркектер жана аялдар 21 километрге жарышат. Анда биринчи келгендерге — 630 миң сом, экинчиге — 360 миң сом, үчүнчүгө — 180 миң, төртүнчүгө — 90 миң, бешинчиге — 54 миң, алтынчыга — 36 миң сом берилет.
Ал эми майыптар арасындагы жарыштан биринчи келгенге — 45 миң сом, экинчиге — 25 миң сом, үчүнчүгө — 13 500 сом ыйгарылат.
Белгилей кетсек, иш-чаранын өтүп жатканына байланыштуу Бишкекте Чүй, Манас проспектилери жана Эркиндик бульвары убактылуу жабылды.