• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Түз эфир: “Аксы трагедиясына” 20 жыл

16 Жалган куран 202210:28 Бишкек Govori.TV

2002-жылдын 17-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Боспиек айылында эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу тынч демонстранттарга ок атуучу курал колдонулуп, анын кесепетинен 6 адам набыт болгон. Бул окуялар кийинчерээк “Аксы трагедиясы” деген атка ээ болуп, бир катар чиновниктердин отставкага кетишине алып келип, ошол кездеги бийликке болгон ишенимди кетирди.

2022-жылдын 17-мартында “Аксы окуясына” туура 20 жыл толуп, ага байланыштуу “Аксы 20 жылдан кийин” иш-чарасын өтүп жатат. Иш-чарада «Кылым шамынын» архивинин негизинде даректүү тасма көрсөтүлүп, каза болгондордун окуялары жана бул окуяларга күбө болгон адамдардын пикирлери айтылмакчы.

Количество просмотров: 179