• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Түз эфир: Активист Адилет Балтабайдын иши Жогорку сотто каралууда

11 Чын куран 2023 14:31 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-апрелде Жогорку сотто жарандык активист Адилет Балтабайдын иши каралууда. Сот имаратынын алдына активисттин жакындары чогулуп, «Адилет Балтабайга боштондук!» деген плакаттарды көтөрүп келишкен. Деген менен укук коргоо органдарынын кызматкерлери аларга акция өткөрүүгө уруксат беришкен жок.

Адилет Балтабайдын иши Балтабай өткөн жылдын 30-июнунда «Массалык башаламандыктар» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Активист өзүнө карата козголгон ишти сөз эркиндигине басым катары баалай турганын белгилеген.

11-ноябрда сот Балтабайды күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыраткан. Ошол эле маалда сот үч жылдык пробациялык көзөмөл менен аны сот залынан бошоткон.

2023-жылдын 12-январында Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин өзгөртүп, жарандык активистти беш жылга эркинен ажыратып, сот залынан камакка алган.

Количество просмотров: 65