• Жекшемби 4 Бештин айы 2022
  • Воскресенье 4 Декабрь 2022

Түз эфир: Активист Атай Бейшенбектин баш коргоо чарасы шаардык сотто каралууда

9 ноября 2022 в 13:26 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-ноябрда Бишкек шаардык сотунда «массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө» шектелип кармалган жарандык активист Атай Бейшенбектин кармалышынын мыйзамдуулугу каралып, райондук соттун чечими өзгөртүүсүз калтырылды.

Учурда Атай Бейшенбектин баш коргоо чарасы шаардык сотто каралууда.

Буга чейин Биринчи май райондук соту аны 20-декабрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.


23-октябрда Ички иштер министрлиги тарабынан 20 дан ашуун саясатчы жана жарандык активист кармалган. Мындан сырткары Талант Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган болсо, жарандык активист Тилекмат Куреновго издөө жарыяланган.

Бүгүн ошондой эле шаардык сотто активисттер Таалай Мадеминов, Али Шабдан, Атай Бейшенбек, Таластын мурдагы губернатору Айбек Бусурманкулов, Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова, Нурлан Асанбековдордун баш коргоо чарасы каралары күтүлүүдө.

Количество просмотров: 103

Бишкектеги 4 райондун атын өзгөртүү сунушуна макулсузбу?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда