• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Түз эфир: Атай Бейшенбектин баш коргоо чарасы каралат

25 Тогуздун айы 2022 14:01 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда жарандык ативист Атай Бейшенбектин баш коргоо чарасы каралат. Жекшембиде анын үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, ошол эле күнү ИИМ кызматкерлери тарабынан кармалып, 48 саатка камалган.

Эске салсак, 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камалышкан.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.

25-октябрга караган түнү соттун чечими менен саясат талдоочу Айданбек Акматов, жарандык активист Али Шабдан, «Бүткүл жаштар» партиясынын лидери Чыңгыз Капаров, 20-декабрга чейин камалды. Ал эми саясатчы Азимбек Бекназаров 23-декабрга чейин камакта болот.

Количество просмотров: 110