Бүгүн, 28-ноябрь кечки саат 20:00дө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо аяктап, эртең менен саат 08:00дө ачылган шайлоо тилкелери жабылды. Жалпысынан 2494 шайлоо тилкеси ачылган. Алардын 59у чет өлкөлөрдө.
БШКнын саат 18:00гө карата маалыматы боюнча, добуш берүүгө 1 миллион 50 миң 163ү, же 28,36%ы катышты. Жалпысынан жарышка бир мандаттуу округдар боюнча 282 талапкер жана 21 партия катышты.
Ушу тапта добуштарды автоматтык саноочу урна эсөптөөдө, ага ылайык:
«Ата Журт Кыргызстан» — 28,97%;
«Ишеним» — 24,04%;
«Ынтымак» — 20,64%;
«Альянс» — 14,44%;
«Бүтүн Кыргызстан» — 11,13%;
«Ыйман Нуру» — 10,17%;
«Эл үмүтү» — 8,89%;
«Азаттык» — 7,89%;
«Ата Мекен» — 6,43%;
«Социал-демократтар» — 6,31%.
Белгилей кетсек, автоматтык саноочу урнанын эсөптөөс унөн соң кол менен саналып, акыркы расмий жыйынтык 18-декабрга чейин жарыяланат.