• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Түз эфир: Бабанов Кыргызстанга учуп келди

9 Баш оона 201914:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 09.08.2019. Govori.TV.

Өмүрбек Бабанов жергилитүү саат боюнча 14.40 “Манас 2” аба майданына келип конду. Бирок, аба майданынын ичине ММК өкүлдөрү киргизилген жок.

Аны тосууга барган тарапташтары аба майданынан унаагы олтуруп чыгып бара жаткан Бабановду тороп, учурашуу аракетин көрүштү.

Ал эми Бабанов унаада чыгып чогулгандар менен учурашты.

Бирок 8-августа, УКМК эскерткен, эгерде Ө.Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Ө.Бабановго карата козголгон эки кылмыш ишин иликтөөдө, деп билдирген. Алар Ош шаарындагы “Амир-Тимур” кичи районунда провокациялык маанидеги сүйлөгөн фактысы боюнча, экинчиси бийликти күч менен басып алуу жана массалык баш аламандыкты даярдоо боюнча козголуп, учурда токтотулган кылмыш иши. 
Азыркы тапта биринчи кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып жатат. 

Количество просмотров: 29