• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Түз эфир: “Бир дүйнө — 2022” эл аралык фестивалынын ачылышы өтүүдө

14 Жетинин айы 2022 19:01 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-ноябрда Бишкекте “Бир дүйнө — 2022” эл аралык фестивалы өтүп жатат.

Бул жолку фестиваль “Климат жана кризистер: жарандардын фундаменталдык укуктары боюнча кырдаал. Туруктуу өнүктүрүү максаттары үчүн альтернативалар” темасына арналып, Украина, Чехия, Франция, Словакия, Германия, Казакстан, Кыргызстан жана башка өлкөлөрдөн 22 тасма катышууда.

Аталган иш-чара быйыл 16-жолу уюштурулуп жатат. Ага эл аралык эксперттер, укук коргоочулар, Жогорку Кеңештин депутаттары, жарандык коомдун өкүлдөрү келген.

Былтыр даректүү тасмалардын фестивалы “Каргашалар жана тобокелдиктер мезгилиндеги адам укуктары” деген темага арналган.

Кошумчалай кетсек, «Бир Дүйнө» фестивалы – 2007-жылдан бери уюштурулуп жана өткөрүлүп келе жаткан адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын Кыргызстандагы гана эмес, бүтүндөй Борбордук Азиядагы жападан жалгыз ири фестивалы. Фестивалдын негизги максаты көрүүчүлөргө көйгөйлөрдүн социалдык-саясий жана экономикалык өңүтүн терең түшүнүүгө, алардан чыгуу жолдорунойлонууга жана талкуулоого мүмкүнчүлүк берген даректүү тасмалар аркылуу адам укуктарын жана эркиндиктерин илгерилетүү болуп саналат.

Количество просмотров: 103