Бишкек.01.05.2019.Govori.TV.
Бүгүн, Ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн 1-май эмгек күнүнө арналган авто жүрүш Шопоков,Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде старт алып, Абдрахманов, Ахунбаев, Курманжан датка көчөлөрүн 40 га жакын унаа катары менен аралап өттү.
«Жүрүштүн максаты шаар тургундарына майрамдык маанай тартуулоо менен катар, Кыргыз өндүрүүчүлөрүн элге жалпы тааныштыруу болуп саналат», -дейт бүгүнкү авто жүрүштүн уюштуруучусу Ата мекендик өндүрүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаев.
Аталган жүрүш бир саатка уланып, саат: 12:30 да өчпөс оттун алдында жарманке уюштурулат. Жарманкеден түшкөн акча мекендешибиз Назгуль Ражапаеванын дарылануусуна кайрымдуулукка берилет. Белгилей кетсек, бул жүрүш быйыл төртүнчү ирет уюштурулууда.