Бүгүн, 7-февралда «Бишкек шаарынын экологиялык коопсуздук маселелерин чечүүгө эмне тоскоолдук кылууда?» аталышындагы тегерек стол өтүүдө. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарынын, архитектуралык кызматтардын, жарандык жана эксперттик коомчулуктун, эл аралык экологиялык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.
Борбор калаанын экологиясынын учурдагы абалы оор кырдаалга кептелип, акыркы жылдары дүйнөдөгү ири шаарлардын арасында абанын булганычы боюнча Бишкек алдыңкы орундарды ээлеп келет. Борбордун экологиялык коопсуздугунун көйгөйлөрү мыйзамдардын так аткарылышын, мамлекеттик жана аткаруу бийлигинин бардык деңгээлдеринде жоопкерчиликти, зарыл талаптарды жана сунуштарды талап кылат.
Ага ылайык, тегерек столдун максаты — Бишкек шаарынын экологиялык коопсуздугу жаатындагы мыйзамдык-ченемдик документтердин аткарылбай калуусунун негизги себептерин талкуулоо жана аныктоо, ошондой эле, аларды чечүүнүн механизмдерин иштеп чыгуу.
Алсак, экологиялык коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо маселеси, шаар куруу жаатындагы мыйзамдарда, кодекстерде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин токтомдорунда көрсөтүлгөн.